> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад электр тармактар ишканасына төрт жаңы имарат курулат
- URL: https://im.kg/koom/2024/03/27/zhalal-abad-eliektr-tarmaktar-ishkanasyna-tort-zhany-imarat-kurulat/
- Published: 2024-03-27T04:22:36.000Z
- Updated: 2024-03-27T04:22:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2024- жылдын капиталдык курулуш планына Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 4 имараттын курулушу киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Такталгандай, алар Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты, трансформатор оңдоочу цехи, райондук электр тармактарына караштуу Кызыл–Жар жана Кызыл-Туу участкаларынын имараттары. Курула турган имараттар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан каржыланат.  
  
Учурда Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын курулушу башталды.  
  
Мындан тышкары, капиталдык курулуштун алкагында Жалал-Абад облусунда 32 чакырым 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысы жаңы курулат, аба чубалгыларды реконструкциялоо болсо 96 чакырымды камтыйт. Ошондой эле, 35 даана 10/0,4 кВ трансформатордук жаңы көмөк чордондор орнотулат жана эскилиги жеткен 25 даана 10/0,4 кВ трансформатордук шкафтар алмаштырылат. 1 даана 220 кВ жана 1 даана 110 кВ көмөк чордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылат, 2 даана 110 кВ көмөк чордонунда КРУН ячейкалары алмаштырылат.  
  
Бул иштер компаниянын өз каражаты менен иш ашып керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана Жалал-Абад облусун өнүктүрүүгө багытталган.