Чүйдө жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев дача кооперативдеринин башчылары менен жолугушуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага район акимдеринин биринчи орун басарлары, облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери, ошондой эле Мамкаттоонун жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда 400дөн ашык багбанчылык шериктештиктери иштейт, алардын 70 пайызга жакыны Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Кооперативдердин өкүлдөрү дача айылдарынын жашоочулары туш болгон көйгөйлөрдү айтышты. Алардын эң негизгиси-каттоонун жоктугу. Калктуу конуштун статусу жок болгондуктан, фельдшердик-акушердик пункттарды, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу мүмкүн эмес. Мындан тышкары алардын айтуусу боюнча, тургундар өз каражаттарына электр станцияларын орнотуп, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга аракет кылышууда.

Тактап айтканда, Чүй облусунда мунапыстын алкагында жарандардан 41 820 арыз келип түшкөн, анын ичинен 26 218и коомдук билдирүүдөн өтүп, жарандарга жер тилкелерин берүү боюнча 18 748 чечим, 14 438 мамлекеттик акт жана 3 835 техникалык паспорт берилген.

Канат Джумагазиевдин айтымында, жаңы конуштарда жерге мунапыс берүү процесси ийгиликтүү аяктап, эми дача кооперативдеринин тилкелерин мыйзамдаштыруу убагы келди. Ал аймактын жашоочуларын алардын укуктук маселелерин чечүү жана өз аймагынын өнүгүшүнө шарт түзүү үчүн колунан келген аракеттерин жасаарын билдирди.