Акылбек Жапаров Бишкектеги көчөлөрдү кеңейтүү иштери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Анда Жапаровго А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Минкаб төрагасы көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, Минкаб төрагасы мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.