Таласта бюджеттик 6 млн сомду уурдоо фактысы аныкталды

Таласта коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 млн сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды. Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.