«Альянс Алтын» Таластын мектептерине компьютердик жабдууларды тапшырды

«Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы мектептерге компьютердик жана оргтехникаларды, окуу жана көркөм адабияттарды белекке берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Жабдууларды жана окуу материалдарын тапшыруу 17-19-апрель күндөрү Орусиянын президентинин администрациясынын жана «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегациянын Талас облусуна болгон үч күндүк иш сапарынын алкагында болду.

Такталгандай, бир нече айылдык орто мектептерге жабдуулар – интерактивдүү доскалар, принтерлер, проекторлор, ноутбуктар берилди.

Делегация ошондой эле Айтматов районунун Чолпонбай айылындагы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атындагы музейинде болушту. Ошондой эле музейге заманбап оргтехникалар берилди. Ал эми 20 ноутбук Талас мамлекеттик университетине берилди.

Тоо кен ишканасынан белгиленгендей, акция облустун мектеп окуучуларынын жана студенттеринин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жана «Альянс Алтын» ЖЧКсынын Талас облусунда ишке ашырып жаткан социалдык жоопкерчилик программасынын бир бөлүгү болуп саналат.