«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Жоламан Шаршенбеков жана Дүйнө чемпионатына катыша турган Ислам Орозбеков менен Раззак Бейшекеевдер сыйланышты.

“Альянс Алтын” компаниясы “Талас облусунун балбандары” мекемесине демөөрчүлүк кылып баштаган бир жыл аралыгында өнөктөштөрү менен биргеликте 11,6 млн сом каражат жумшаган. Андан тышкары колдоо көрсөтүү ирээтинде КРнын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 млн сом каражат которгон.

Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү «Альянс Алтынга» ыраазычылык билдирип, компания бир гана спортко колдоо көрсөтпөстөн, Талас облусунун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын белгилешти.