«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди.

Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын» компаниясы «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен Талас облусунан чыккан, КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева, Азиза Шумкарова, Бермет Нуридин кызы, Арууке Кадырбек кызына Азия чемпионатынын алдында акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырды.

Балбан кыздар компанияга ыраазычылык билдирип, айрыкча спортчуларга атактуу болгондон кийин гана колдоо көрсөтүлөөрүн, ал эми «Альянс Алтын» аларды башынан бери колдоп келе жатканын белгиледи.

«Компанияга аябай ыраазыбыз. Ал менен бирге бизди чоң жеңиштер күтүп турат деп ишенебиз», - деген Нурзат Нуртаева Иордания өлкөсүндө 2024-жылдын 27-30- июль күндөрү өткөрүлгөн 23 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Компания «Талас облусунун балбандарына» мекемесине демөөрчүлүк кылып келе жаткан бир жыл аралыгында өнөктөштөрү менен бирге 11.6 млн сомго колдоо көрсөткөн. Андан тышкары колдоо көрсөтүү ирээтинде Кыргызстандын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 млн сом которгон.