Олимпиадага барган балбандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Таласта Париж жайкы олимпиадасынын катышуучулары, балбандарын тосуп алуу, аларга сый урмат көрсөтүү иш чарасында Альянс Алтын компаниясынын колдоосу менен балбандардын алгачкы машыктыруучуларына100 000 (жүз миң сом) акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, олимпиаданын катышуучуларынын башкы машыктыруучуларына 150 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мээрим Жуманазарованын атасы, алгачкы машыктыруучу Рахмадил Жуманазаровго 200 миң сом жана Талас облусунун "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.

Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси Жоламан Шаршенбековдун машыктыруучусу, кыргыз спортунун аталыгы Хаким Махмудовго 200 миң сом акчалай сыйлык жана Талас облусунун "Ардактуу атуулу" ардактуу наамы ыйгарылды.

Ал эми 33- Париж жайкы олимпиада оюндарында коло медал алып келген Акжол Махмудовго, Айсулуу Тыныбековага 500 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ал эми бокс боюнча күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 1 млн сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Олимпиаданын катышуучусу Бекзат Алмаз уулуна 300 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Айпери Медет кызынын ата энесине 300 миң акчалай сыйлык берилди. Ал эми Азия чемпиону, Париж олимпиадасында коло медал алып келген Үзүр Жусупбековго 1.5 млн сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Жоламан Шаршенбековго 1.5 млн сом акчалай сыйлык берилди. Париж олимпиадасынын кумуш медалынын ээси Мээрим Жуманазаровага 3 млн сом акчалай сыйлык ыйгарылды.