> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон суу сактагычы ишке кирет
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/06/uch-korghon-suu-saktaghychy-ishkie-kiriet/
- Published: 2025-10-06T08:33:04.000Z
- Updated: 2025-10-06T08:42:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Үч-Коргон суу сактагычынын курулушу 95 пайызга аяктаганын жана ал келерки жылдан тарта толук кандуу ишке кирерин Жерлерди сугарууну өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча директор Муса Имаров билдирди.** 

> Анын айтымында, долбоордун алкагында Тоң районунда 4113 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшырып, жаңы 817 гектар сугат жерди өздөштүрүүгө жардам көрсөтүлөт. 

> Суу сактагычтын жалпы сыйымдуулугу 4,3 млн метр куб болсо, дамбанын узундугу 592 метр, бийиктиги 15 метр. 

Буга улай М.Имаров Ара-Бел дарыясынын өрөөнүндө да курулуш иштери жүрүп жатканын айтат. Аталган долбоор ишке ашса Жети-ӨгУз, Дархан, Жеңиш, Жаргылчак айылдары сугат суу менен камсыз болушат. Курулуш иштери аяктаган соң Жети-Өгүз районунда кошумча 1279 гектар жер сугарылат. 

> «Ошондой эле бул райондо 36 километр магистралдык канал жана 43 километр ички канал курулат», – дейт ал.