> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте электросамокаттарды коюу тартиби өзгөрөт
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/08/bishkiektie-eliektrosamokattardy-koiuu-tartibi-ozghorot/
- Published: 2025-10-08T07:22:12.000Z
- Updated: 2025-10-08T07:22:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Транспорт

**Бишкек мэриясы электросамокаттарды атайын белгиленген жайлардан тышкары 3 сааттан ашык көчөдө калтыргандарды атайын сактоочу жайга жайгаштыруу сунушун киргизди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Маалыматта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштырууну жөнгө салууга, эксплуатациялоого, сактоого жана кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу болот деп айтылат. Ошондой эле, шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттарын коюуга арналган так аймактар аныкталат, бул электросамокаттарды шаар боюнча ар кандай жайгаштырууну болтурбоо үчүн жасалат.

Мурунку токтомдо МинКаб самокаттардын ылдамдыгын саатына 25 км менен чектөөнү бекиткен.