> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/08/bishkiektieghi-tashtandy-zavodu-kachan-achylary-aityldy/
- Published: 2025-10-08T05:22:54.000Z
- Updated: 2025-10-08T05:22:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Энергетика

**Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын 28-декабрында ачыларын шаар мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.**

> “Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөөгө даярдайт. Андан электр кубаты өндүрүлөт. Иш башталганда суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, анын 410 мегаваттын шаарга берет, ал эми 50 мегаватт өзүндө калат. Завод кубаттуулугун суткасына 750 мегаваттка чейин көбөйтөт”, — деди Жунушалиев. 

Маалым болгондой, мындай типтеги ишкана Борбор Азияда алгачкы жолу курулууда. Завод суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Келечекте бул көлөмдү 3000 тоннага чейин жеткирүү пландалууда.