> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл борбор калаада 120 км жол оңдолду
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/09/byiyl-borbor-kalaada-120-km-zhol-ondoldu/
- Published: 2025-10-09T03:34:17.000Z
- Updated: 2025-10-09T03:34:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Транспорт

**Былтыр Бишкек шаары боюнча 21,7 чакырым жол оңдолсо, быйыл 120 чакырым жол оңдолду. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, бул көрсөткүчкө тротуарлар жана шаар райондорунун ички жолдору кирген эмес.

> “Биз бардык жолдорду бир эле учурда оңдоп чыга албайбыз. Ошондуктан, ишти этап-этабы менен жүргүзүп жатабыз. Жаңы жол куруу менен эски жолду оңдоонун түйшүгү бирдей, ал тургай кээде эски жолдор менен иштөө кыйыныраак. Анткени алар менен эл көнүп жүргөндүктөн, оңдоо маалында тыгындар жаралат. Бирок аларды оңдобой коё албайбыз — кышында авариялар көбөйүп, кырдаал мындан да начар болуп кетиши мүмкүн”, — деп билдирди Жунушалиев.

Шаар жетекчилиги жолдорду оңдоо иштерин мындан ары да пландуу түрдө улантарын билдирди.