> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Топуракты изилдеген лабораториялар түшүмдү көбөйтүүгө шарт түзүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/09/topurak-sapatyn-anyktoo-mienien-tushumdu-koboituugho-shart-tuzuluudo/
- Published: 2025-10-09T05:04:17.000Z
- Updated: 2025-10-09T05:09:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери топурактын сапатын лабораторияда изилдөөдө. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында жарыяланган.**

Изилдөөлөрдүн натыйжасында органикалык заттар менен азот, фосфор, калий өңдүү топурактагы маанилүү азык заттардын деңгээли так аныкталып, кайсы жер семирткичти кандай өлчөмдө колдонуу керектиги белгиленет. Мунун аркасында дыйкандар түшүмүн көбөйтүп, сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле, маалыматта топурак үлгүлөрүн лабораториялык анализге тапшырууну каалагандарга лабораториянын дареги жазылган.

Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория

Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Токтогул көчөсү №3.