> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/10/kyrghyzstanda-sot-atkaruuchular-kyzmaty-tuzuldu/
- Published: 2025-10-10T10:42:45.000Z
- Updated: 2025-10-10T10:42:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү** 
**Бул орган сот актылары менен башка аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздайт. Маалымат Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланды**.

Кызматтын милдети — аткаруу иштери боюнча мыйзамдуулукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо.

Ошондой эле, кызмат коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү тууралуу так жана ыкчам маалымат берүү, жалган маалыматтадын таралышына бөгөт коюу максатында расмий маалыматтык ресурстарын ишке киргизди.