> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстанда инновациялык идеялардын жумалыгы өтүп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/10/ozbiekstanda-innovatsiialyk-idieialardyn-zhumalyghy-otup-zhatat/
- Published: 2025-10-10T03:20:11.000Z
- Updated: 2025-10-10T03:20:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кечээ Өзбекстандын Эл аралык көргөзмө борборунда (CAEx) инновациялык идеялардын VIII эл аралык жумалыгы — «InnoWeek–2025» расмий түрдө ачылганын “Кабар” маалымат агенттиги жазды.**

> Жумалыкка Армения, Беларусь, Венгрия, Германия, Грузия, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Кытай, Кувейт, Малайзия, Нидерланддар, Сингапур, Тажикстан, Того, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу 30га жакын өлкөдөн 130 өкүл катышып жатканы айтылат. 

Кыргызстандын атынан иш-чарага Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Айдар Алымбеков жетектеген делегация катышып жатат. 

«InnoWeek» алкагында 30дан ашык илимий-практикалык иш-чаралар өтөт. Өзбекстанда булинновациялык идеялардын эл аралык жумалыгы 2018-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.