> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас университетине 300 млн сомдук корпус курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/10/talas-univiersitietinie-300-mln-somduk-korpus-kuruluuda/
- Published: 2025-10-10T05:59:34.000Z
- Updated: 2025-10-10T05:59:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Талас шаарында мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн жаңы беш кабаттуу окуу имаратты салынып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

Долбоордун наркы 300 миллион сом. Окуу корпусу Таластагы №1 орто мектептин маңдайында, Нуржанов аллеясынын боюнда жайгашып, 2026-жылдын июль айында пайдаланууга берилет.

Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бул ири долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.