> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ эскертет: алдамчылардын амалынан сактаныңыздар!
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/13/iim-eskiertiet-aldamchylardyn-amalynan-saktanynyzdar/
- Published: 2025-10-13T03:22:38.000Z
- Updated: 2025-10-13T03:40:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат!**

Тартип сакчылар алдамчылар шектүү шилтемелерге кирүүнү же белгисиз тиркемелерди орнотууну сунушташы мүмкүндүгүн эскертип, телефон чалууларды кылдаат текшерип, чоочун адамдардын талабы боюнча акча которбоону сунуштайт:

> “Эгерде шектенсеңиз, банкыңызга, операторуңуздун колл-борборуна же 102ге чалыңыз. “Банк кызматкерлеринин” атын жамынган алдамчылык чалуулар көбөйдү. Картаңыздын реквизиттерин же CVV кодун эч качан ачпаңыз”, – деп билдирет маалыматта.

ИИМ эскертет: сактык — сиздин каражатыңыздын сакталышынын кепилдиги. 

**Сак болуу коопсуздугун өзүңүздөн баштаңыз!**