> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиядан 3% жеңилдетилген насыяга 40 тонна буудай үрөнү алынды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/15/rossiiadan-3-zhienildietilghien-nasyiagha-40-tonna-buudai-uronu-alyndy/
- Published: 2025-10-15T04:56:00.000Z
- Updated: 2025-10-15T04:56:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы №416-токтомуна ылайык, республикада үрөнчүлүк жана питомник чарбаларын туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштыруу жана жаңылоону өз убагында жүргүзүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Учурда жеңилдетилген 3% насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын “Щёлково Агрохим” компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алынып келүүдө. Кийинки жылдары бул үрөндөрдүн көлөмү көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге жайылтылат.

Ошондой эле үрөндөрдү сыноо жана адаптациялоо иштери агрохимиялык жана лабораториялык борборлордо жүргүзүлүп, Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайыктуу сорттор тандалып алынууда.

Бул демилге айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүгө жана агрардык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү түзүүгө шарт түзөт.

Министрлик үрөнчүлүк тармагындагы реформаларды улантып, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү жана фермерлерге сапаттуу үрөн материалдарын жеткирүү боюнча иштерди системалуу жүргүзүп келет.