> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери  айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/16/myizamsyz-toktomdordu-chygharghan-bazhy-kyzmatkieri-aiypka-zhyghyldy/
- Published: 2025-10-16T11:20:06.000Z
- Updated: 2025-10-16T11:20:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн натыйжасында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом айып салуу тууралуу 19 токтом чыгарылганы аныкталды. Бирок токтомдор жаза чарасын колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин чыгарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматкерине карата укук бузуу боюнча өндүрүш ишин козгоп, соттун чечими менен ал 10 000 сом өлчөмүндө айыпка тартылып, мыйзамсыз чыгарылган 19 токтом жокко чыгарылды.