> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош – Бишкек жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/16/osh-bishkiek-zholunun-boiundaghy-myizamsyz-kurulushtar-alynuuda/
- Published: 2025-10-16T09:45:06.000Z
- Updated: 2025-10-16T09:45:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Ош–Бишкек унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз салынган имараттар буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Масы айылындагы трассанын кызыл сызыгына кирип кеткен ондон ашык курулуш объектиси мыйзамга ылайык алынууда.

> Буга чейин жер ээлерине эскертүүлөр берилген жана жер тилкесин калыбына келтирүү талабы коюлган, бирок талаптар аткарылбагандыктан, бузуу иштери күч органдарынын катышуусунда жүргүзүлүп жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/13.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/14.jpg)