> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жыйын өттү
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/17/bishkiektie-turuktuu-onughuu-maksattary-boiuncha-zhyiyn-ottu/
- Published: 2025-10-17T11:26:07.000Z
- Updated: 2025-10-17T11:26:07.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте БУУнун Биргелешкен программасынын жыйынтыктоочу жыйыны жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) локалдаштыруу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара маалымдуулукту жогорулатууга жана жергиликтүү кызыкдар тараптардын потенциалын арттырууга багытталган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.**

Семинарга мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, БУУнун өкүлү Мунаввар Алам жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. Иш-чара глобалдык максаттарды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу жана башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу багытында маанилүү кадам болду.

> Семинарда ТӨМ жана Ыктыярдуу жергиликтүү сереп (VLR) жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, өкмөт, коом жана өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, ошондой эле пилоттук долбоорлор үчүн аймактарды аныктоо маселелери каралды.

Бишкек 2030-жылга чейинки күн тартиби алкагында туруктуу жана инклюзивдик келечекке багыт алууну улантууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/32.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/33.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/34.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/35.jpeg)