> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо уруксатсыз курулган дүкөндүн ээсине 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/17/karakoldo-uruksatsyz-kurulghan-dukondun-eesinie-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2025-10-17T12:06:04.000Z
- Updated: 2025-10-17T12:06:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Каракол шаарындагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын Жусаев көчөсү 174 дарегинде кеңейтилип жаткан “Оптовые цены” дүкөнүнүн кошумча курулушуна шаар куруу корутундусу иштелип чыкпагандыгы аныкталды. Ошондой эле долбоор Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан макулдашылбагандыгы белгилүү болду.

Натыйжада, дүкөндүн ээси административдик жоопкерчиликке тартылып, 200 000 сом айып пул салынды.