> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө эрежелери өзгөрдү
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/17/koomduk-tamaktanuu-zhailaryndaghy-tieiloo-eriezhielierinie-ozghortuulor-kirdi/
- Published: 2025-10-17T06:16:51.000Z
- Updated: 2025-10-17T06:17:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин токтому менен коомдук тамактануу жайларынын ишин жөнгө салууга өзгөртүүлөр киргизилди, алар 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, буга чейин эсепке өзүнчө сап менен көрсөтүлүп жүргөн милдеттүү тейлөө акысын (көбүнчө 5–15%) алууга тыюу салынат. Мындай жыйымдар тамак-аштын жана суусундуктардын көрсөтүлгөн баасынан үстүнө кошулбашы керек.

> Эми тейлөөнүн толук баасы менюдагы тамак-аштын жана суусундуктардын баасына кошулушу керек. Керектөөчү заказ бергенге чейин акыркы бааны көрүшү керек. Кызмат көрсөтүүнүн баасы тууралуу маалымат ачык-айкын жана жеткиликтүү болушу керек. Коноктор өз каалоосу менен кызматкерлерге чай пул бере алышат.

Өзгөртүүлөрдүн максаты — баанын ачыктыгын камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана салыктык көзөмөлдү жөнөкөйлөтүү.

Кафе жана ресторан ээлерине сунуштар: меню жана бааларды кайра карап чыгуу, кызматкерлерди жаңы системаны түшүндүрүүгө үйрөтүү, баалардын чекке дал келүүсүн камсыздоо.