> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араванда 550 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өттү
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/20/aravanda-550-orunduu-miektiep-kapitaldyk-ondoodon-ottu/
- Published: 2025-10-20T10:40:03.000Z
- Updated: 2025-10-20T10:40:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы 550 орундуу мектеп толук жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Оңдоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Объекттин тендердик баасы 28 миллион сомду түзөт.

Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы бөлүктөрү ремонттолду. Ошондой эле жарыктандыруу, жылытуу жана өрт өчүрүү системалары жаңыдан коюлду. 

> Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулуп, ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес.