> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэри турак үйдүн 1-кабатындагы мектеп филиалы менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/20/bishkiek-meri-turak-uidun-1-kabatyndaghy-miektiep-filialy-mienien-taanyshty/
- Published: 2025-10-20T09:47:21.000Z
- Updated: 2025-10-20T09:47:21.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунашалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизинде курулган «Мурас» турак комплексиндеги жаңы мектеп филиалынын иши менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Филиалдын ачылышы — Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Бишкек мэриясынын ишинин алкагында шаардагы мектептердеги окуучулардын ашыкча топтолушун азайтууга багытталган долбоордун бир бөлүгү. Убактылуу чара катары турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстары уюштурулуп, бул ыкма балдарды үйүнө жакын билим берүү менен камсыздап, жаңы мектептер курулганча жүктү азайтууга жардам берет.

Долбоордун алгачкы объектиси Маликов көчөсүндөгү №40 мектептин филиалы. Бул жерде 5–9-класстардын окуучулары үчүн бардык шарттар түзүлүп, 1000 бала эки сменада билим алат. Мектепте шахмат, тогуз коргоол, сүрөт жана кол өнөрчүлүк ийримдери да иштейт.

> Мэр Джунашалиев долбоорду жогору баалап, мындай формат борбордун башка райондору үчүн да үлгү боло аларын белгиледи. «Негизги максат – балдардын жашаган жерине карабай, билим алуусуна жана өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү», – деди ал.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/2-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/5.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/6.jpg)