> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 55 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/20/bishkiektie-55-mln-somduk-zhier-tilkiesi-munitsipaldyk-mienchikkie-kaitaryldy/
- Published: 2025-10-20T04:45:01.000Z
- Updated: 2025-10-20T04:45:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ленин райондук прокуратурасынын текшерүүсү боюнча, Бишкектин А.Сыдыгалиев көчөсүндөгү 0,23 га жер 2011-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Прокурордук чаралардын натыйжасында жердин укук күбөлөндүрүүчү документтери жокко чыгарылып, базар баасы 55 493 000 сомду түзгөн тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.