> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жеке турак жай курууга берилген жерлер мыйзамдаштырылууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/20/bishkiektie-zhiekie-turak-zhai-kuruugha-bierilghien-zhierlier-myizamdashtyryluuda/
- Published: 2025-10-20T11:32:55.000Z
- Updated: 2025-10-20T11:32:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен жер мунапысына байланыштуу мыйзамдаштыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 83 комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Келип түшкөн арыздардын саны 5 671 болсо, 2083 токтом чыгарылган.  
  
Октябрь районунда жер мунапысы башталгандан бери 210 жашоочуга жер тилкесин бекитип берүү боюнча чечим кабыл алынган. Келип түшкөн арыздардын саны 8 074, комиссиянын 42 отуруму өткөрүлдү.  
  
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш жана шаар куруу департаментинин адистери МАБдын кызматкерлери менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер боюнча маалыматтарды текшерүү жана комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн жеринде тактоо иштери уланууда.

> Жерге мунапыс жарандарга жеке турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жана тиешелүү документтерди расмий жол менен алууга шарт түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------2-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------7.jpeg)