> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/20/olko-boiuncha-dan-eghindierin-zhyinoo-ishtieri-91-gha-atkaryldy/
- Published: 2025-10-20T08:36:41.000Z
- Updated: 2025-10-20T08:36:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Республика боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка караганда, дан эгиндеринин жалпы 679 миң гектар айдоо аянтынын 619,5 миң гектары жыйналып, бул 91,2 %ды түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 614,6 миң гектар болгон. Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк 25,1 центнерди түзүп, жыйналган дан азыктарынын жалпы көлөмү 1 млн 724,3 миң тонна болуп эсептелет.