> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/20/zhaiyt-zhierlierdie-mototsikl-aidaghandargha-11-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2025-10-20T07:33:13.000Z
- Updated: 2025-10-20T07:33:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусунда жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан Эндуро мотоциклдерин айдоо фактыларын аныкташты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

Рейд Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлүп, текшерүү учурунда эки жаран кармалып, аларга Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 245-2-беренеси (“Жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана экологиялык талаптарды бузуу”) боюнча 2 протокол түзүлдү.

> Жыйынтыгында ар бирине 5 500 сомдон, жалпы 11 000 сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыттарды жана экосистеманы бузган мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү улантарын белгилейт.