> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майлуу-Суудагы 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/21/mailuu-suudaghy-20-mln-somduk-bala-bakcha-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2025-10-21T04:19:14.000Z
- Updated: 2025-10-21T04:19:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Майлуу-Суудагы бала бакча мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.**

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө, Көк-Ой айылындагы бала бакча 0,47 га жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

> Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 20 215 162 сомду түзгөн бул жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул иш чара жердин мыйзамдуу менчик укугун камсыз кылуу жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо максатында жүргүзүлдү.