> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулуш убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/23/bishkiektie-koopsuzduk-talaptaryn-buzghan-kurulush-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2025-10-23T04:15:08.000Z
- Updated: 2025-10-23T04:15:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кечээ, 22-октябрда Бишкектеги Симферопольский 8 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы тууралуу видео кайрылуу түшүп, Курулуш министрилигинин архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан толук текшерүү жүргүзүлдү.**

Министрликтин маалыматына ылайык, “Нур Имарат Курулуш” ЖЧКсынын курулушунда үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона каралбаганы жана эмгек коопсуздугу талаптары менен Кыргызстандын курулуш ченемдери (СН КР 12-02:2018) сакталбаганы аныкталган.

> Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулуп, айып пул салуу токтому чыгарылды.

Урматтуу жарандар! 

Эгер курулуш объектисиндеги иштер курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгы аныкталса Курулуш министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар сөзсүз көрүлөт, - деп эскертилет маалыматта.