> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 1,775 млн тонна дан эгини жыйналды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/27/byiyl-1-775-mln-tonna-dan-eghini-zhyinaldy/
- Published: 2025-10-27T11:41:23.000Z
- Updated: 2025-10-27T11:41:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы республика боюнча айыл чарба эгиндерин жыйноо иштери аяктап калды. Түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду.**

> **Дан эгиндери:** 679 миң гектар аянттын 93% жыйналды, дүң жыйым 1,775 млн тоннага жетти.

> **Жашылчалар:** 56,6 миң гектардын 96,2% жыйналды, жалпы 791,4 миң тонна түшүм алынды. Эң жогорку түшүм Чүй жана Ош облусунда байкалды.

> **Картошка:** 64,5 миң гектардын 96% жыйналып, 874,3 миң тонна өндүрүлдү. Орточо түшүм 176,5 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду.

> **Бахча өсүмдүктөрү:** 12,2 миң гектарда жыйноо жүргүзүлүп, план 103,8%га аткарылды, дүң жыйым 274 миң тонна. Негизги өндүрүүчү — Жалал-Абад облусу.

> **Техникалык өсүмдүктөр:** Жыйноо май өсүмдүктөрү (90,3%), тамеки (96,2%), пахта (98%) жана кант кызылчасынын 53% аяктады.

Министрлик белгилегендей, аба ырайынын салыштырмалуу туруктуу болушу, жергиликтүү дыйкандардын эмгеги жана натыйжалуу агротехникалык чаралар быйылкы түшүмдүн жогору болушуна өбөлгө түздү.