> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ДАПтын долбоору Кыргызстанда 50 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/28/daptyn-dolbooru-kyrghyzstanda-50-mindiei-adamdy-zhumush-mienien-kamsyz-kyldy/
- Published: 2025-10-28T08:43:53.000Z
- Updated: 2025-10-28T08:43:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын делегациясы менен жолугушуп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, министр ДАПтын Кыргызстандагы социалдык программаларды ишке ашыруудагы салымын белгилеп, 2014–2027-жылдар аралыгында 166,2 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлор аркылуу миңдеген жарандарга жардам көрсөтүлгөнүн айтып берди. Анын ичинде “эмгек үчүн азык-түлүк” долбоору менен 50 миңге жакын адам убактылуу жумуш менен камсыз болду.

Тараптар эмгек менен камсыз кылуу, чакан бизнести өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана санарип чечимдерди киргизүү багыттарында кызматташууну улантууну макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында жаңы биргелешкен долбоорлордун Кыргызстан элинин жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө токтолушту.