> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент парламенттик шайлоо участогунун биринде тесттик добуш берди
- URL: https://im.kg/koom/2025/10/30/priezidient-parlamienttik-shailoo-uchastoghunun-birindie-tiesttik-dobush-bierdi/
- Published: 2025-10-30T10:57:31.000Z
- Updated: 2025-10-30T10:57:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо участогунда тесттик добуш берүүгө катышты.**

Өлкө башчы паспорту менен онлайн идентификациядан өткөндөн кийин система анын шайлоо округун жана участогун аныктап, бюллетень берди. Президент шарттуу талапкердин каршысына белги коюп, бюллетенди урнага салды.

 БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.

Тест учурунда система мурда добуш берген шайлоочу башка участоктон онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа анын добуш берип бүткөнүн билдирип, бюллетень берген жок.

Тесттик аралыктан добуш берүү иш-чарасы БШК тарабынан өлкөнүн бардык участогунда, ошондой эле Россиянын айрым шаарларында өткөрүлүп жатат. Буга чейин ушундай тесттер быйылкы жылдын 10 жана 20-октябрында да өткөн.