> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын балы Европа рыногуна чыгууга даяр
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/03/kyrghyzstandyn-baly-ievropa-rynoghuna-chyghuugha-daiar/
- Published: 2025-11-03T08:48:20.000Z
- Updated: 2025-11-03T08:48:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Европа Биримдигинин TAIEX программасынын алкагында “ЕБ бал рыногуна чыгуу: бал жана аарычылык продукцияларын экспорттоо стратегиялары” аттуу семинар өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара Европа Биримдигинин техникалык жардамы менен уюштурулуп, Кыргызстандын аарычылык тармагын өнүктүрүү жана балды ЕБ рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

> Семинардын максаты — экспорттоочулардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды сактоо мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо.

Иш-чарага Ветеринардык жана фитосанитардык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле бал экспорттоочулар катышууда. Европа Биримдигинин адистери катышуучулар менен экспорттук жөнгө салуу, продукциянын сапаты жана сертификация боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Бул семинар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгын чыңдоого жана улуттук бал өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко чыгышын жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/WhatsApp_Image_2025-11-03_at_14.00.25-1.jpeg)