> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия жарандыгы жок убактылуу жашоочуларга квотаны кыскартты
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/03/rossiia-zharandyghy-zhok-ubaktyluu-zhashoochulargha-kvotany-kyskartty/
- Published: 2025-11-03T04:33:57.000Z
- Updated: 2025-11-03T04:33:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Россия 2026-жылы чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок жашап жүргөндөргө өлкө ичинде убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын 3 802ге кыскартты.** 

> 2025-жылы мындай квота 5,5 миң болсо, 2004-жылы ал 10 миң 595 болгон. Квотанын көлөмү өлкөнүн региондорундагы миграциялык кырдаалды жана экономикалык акыбалды эске алуу менен ошол аймактардын сунушунун негизинде аныкталат. 

> Ошондой эле Россия өкмөтү тарабынан мамлекеттин субъектилерине эсептелген кошумча квоталар резерви бекитилет. 2026-жылга мындай убактылуу жашоо уруксаты 1 миң 140 деп белгиленген.

2025-жылы Москвада мындай уруксат 1000 адамга берилсе, 2026-жылы ал 500 адамга берилет.

Эске салсак, буга чейин Эмгек мигранттары прфсоюзунун төрагасы Ренат Каримов 2026-жылы Россия Федерациясы эигек мигранттарына карата квотаны 20%га көтөрүүнү пландап жатканын айткан. Эмгек министрлиги алыскы визалык өлкөлөрдөн 278,9 миң адиске уруксат берүүнү сунуштаган.