> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлиги мыйзамдарды так сактоону эскертти
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/04/emghiek-ministrlighi-myizamdardy-tak-saktoonu-eskiertti/
- Published: 2025-11-04T05:51:31.000Z
- Updated: 2025-11-04T05:51:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдарга майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо мыйзамдарын так сактоону эскертти.**

Эмгек кодексинин 155-беренесине ылайык, кызматкерлердин саны 25 жана андан көп болгон уюмдар жалпы кызматкерлеринин кеминде 4%ы майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын камсыздашы керек. Азыркы мыйзамда жумушка кабыл алууда толук эмес иш убактысы шарттары да эске алынат.

Кызматкерлердин санына жараша квота төмөнкүчө белгиленген:

> • 25–49 кызматкер — кеминде 1 жумуш орду;  
> • 50–74 — кызматкерге 2 жумуш орду, алардын жок дегенде 1өө I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;  
> • 75–99 — кеминде 3 жумуш орду, алардын жок дегенде 1өө I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;  
> • 100–124 — кеминде 4 жумуш орду, алардын жок дегенде 2өө I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;  
> • 125–149 — кеминде 5 жумуш орду, алардын жок дегенде 3өө I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;  
> • 150–174 — кеминде 6 жумуш орду, алардын жок дегенде 3өө I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;  
> • 175–199 — кеминде 7 жумуш орду, алардын жок дегенде 4өө I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;  
> • 200 жана андан көп кызматкер — ушул эле тартипте.

Иш берүүчүлөр жумуш орундарын майыптыгы барларга ылайыкташтырууну (имараттардын жеткиликтүүлүгү, атайын техникалык каражаттар, кызматкерлерди окутуу ж.б.) камсыздоого милдеттүү. Квоталарды бузгандарга айып пул каралган. Жеке жактар үчүн — 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн — 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. 

Мамлекеттик жана муниципалдык органдар майыптыгы бар адамдар үчүн квоталарды так аткарып, жумуш орундарын өз убагында толтуруп, квартал сайын отчет берүүгө милдеттүү.