> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коррупция беренеси боюнча көз доктур А.Исманкуловго кылмыш иши козголду
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/04/korruptsiia-bierieniesi-boiuncha-koz-doktur-a-ismankulovgho-kylmysh-ishi-kozgholdu/
- Published: 2025-11-04T03:37:56.000Z
- Updated: 2025-11-04T03:44:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Көз микрохирургиясы” госпиталынын директору Алмазбек Исманкуловго жана Ж.Баласагын атындагы КУУнин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин бир катар кызмат адамдарына карата кылмыш иштери иликтенип жатат.**

Кылмыш иши чет өлкөлүк техникалык кредиттердин алкагында Кыргызстанга жеткирилген медициналык жабдууларды мыйзамсыз алуу жана ыйгарып алуу менен байланышкан коррупциялык схема боюнча козголгон.

> ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Исманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде (коррупция) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен Исманкуловго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.