> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта мыйзамсыз таштанды төгүлгөн 8,5 гектар жер аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/04/sokulukta-myizamsyz-tashtandy-toghulghon-8-5-ghiektar-zhier-anyktaldy/
- Published: 2025-11-04T08:43:52.000Z
- Updated: 2025-11-04T08:43:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Сокулук районунун аймагында мыйзамсыз таштанды төгүү фактысы катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.**

Министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгына жергиликтүү тургундардан муниципалдык автоунаалар мыйзамсыз таштанды төгүп жатканы тууралуу кайрылуу түшкөн. Маалыматтын негизинде 2025-жылдын 4-октябрында адистер жеринде текшерүү жүргүзүп, Күнтуу айыл өкмөтүнүн Токбай айылынын чыгыш тарабында жалпы аянты 8,5 гектар болгон мыйзамсыз таштанды төгүү жайын аныкташты.

> Учурда айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Экология жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди.