> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБи цифралар менен: 366 МВт электр, 313 миң тонна көмүр...
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/06/bishkiek-zhebi-tsifralar-mienien-366-mvt-eliektr-313-min-tonna-komur/
- Published: 2025-11-06T04:43:50.000Z
- Updated: 2025-11-06T04:43:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2025-жылдын 5-ноябрында штаттык режимде иштеп, орточо электр кубаттуулугу 366 МВтга жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.**

Суткалык отун керектөөсү төмөнкүдөй: көмүр – 6,086 миң тонна, газ – 234 миң нм³.

Бишкек ЖЭБинде бардыгы 15 казан агрегаты жана 7 кайчылаш байланышкан турбиналык агрегат иштейт. Учурда 6 казан жана 4 турбиналык агрегат, ошондой эле №3 жана №4 энергоблоктор иштеп жатат; 4 казан жана 1 турбиналык агрегат оңдоодо; камдыкка 5 казан жана 2 турбиналык агрегат чыгарылган.

Күз-кыш мезгилине электр жана жылуулук энергиясы менен туруктуу камсыздоо максатында ЖЭБге 1 400 000 тонна көмүр жеткирүү пландалууда. Азыркы учурда кампада 313,203 миң тонна көмүр бар.