> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордо "Сейил" паркынын эскиздик долбоору даярдалды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/06/kochkordo-sieiil-parkynyn-eskizdik-dolbooru-daiardaldy/
- Published: 2025-11-06T04:01:31.000Z
- Updated: 2025-11-06T04:01:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кочкор райондук башкармалыгынын архитекторлору Кочкор айылындагы "Сейил" паркты реконструкциялоо үчүн эскиздик долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Учурда курулуш иштери башталды. Долбоорго ылайык, паркта амфитеатр, лабиринт, аттракциондор, футкорд, муз аянтчасы жана скейтборд аянтчасы сыяктуу заманбап оюн-зоок аянтчалары курулат. Парктын жалпы аянты 4,5 чарчы метрди түзөт.

> Бул долбоордун максаты — жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн көп функционалдуу эс алуу аянтынтүзүү жана аймактын маданий жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/44.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/55.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/66.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/77.jpeg)