> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарына курула турган айланма жолдун эскизи иштелип чыкты
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/06/osh-shaaryna-kurula-turghan-ailanma-zholdun-eskizi-ishtielip-chykty/
- Published: 2025-11-06T07:41:57.000Z
- Updated: 2025-11-06T07:41:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

> *Бул ирет архитекторлор Ош шаарындагы жол кыймылын иретке келтирүү боюнча А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишине курулуучу айланма жолдун эскиздик долбоорун иштеп чыкты.*

Долбоор ишке ашырылгандан кийин, аталган тилкедеги кыймыл ирээтке келип, шаардыктар жана айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.