> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга ӨКМдин тик учагы учуп кетти
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/06/sary-kyr-ashuusunda-kalghan-zharandy-kutkaruugha-okmdin-tik-uchaghy-uchup-kietti/
- Published: 2025-11-06T08:26:45.000Z
- Updated: 2025-11-06T08:26:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Бүгүн Сары-Кыр ашуусунда калып калган жаранды эвакуациялоого ӨКМдин тик учагы учуп кетти. Мындан сырткары таң эрте жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкерлери), 6 техника издеп куткаруу иштерин аткарууда.

> 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сурагандыгы маалым болгон.

Эске салсак, ашуудагы аталган унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде жабылган болчу.