> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районунда көлдүн жээгине балык кармоочу вершалар орнотулду
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/06/ton-raionunda-koldun-zheeghinie-balyk-karmoochu-viershalar-ornotuldu/
- Published: 2025-11-06T06:58:42.000Z
- Updated: 2025-11-06T06:58:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Тоң районундагы Ысык-Көлдүн куймаларына балык кармоочу верша жана шандорлор орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Верша — балыктар кире алган, бирок кайра чыга албай турган өзгөчө кармоочу шайман, ал балык уругун табигый жана жасалма көбөйтүү үчүн колдонулат. 

Учурда балык кармоочу тосмо толук курулуп, анын негизинде Ысык-Көл форели балыгынын уругун алуу жана жасалма көбөйтүү иштери жүрүп жатат. Бул чаралар экологиялык жана биологиялык талаптарга ылайык, туруктуу балык запасын камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.