> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/06/zhol-kyimylynyn-koopsuzdughun-kamsyzdoo-bashky-bashkarmalyghyna-zhany-zhietiekchi-daiyndaldy/
- Published: 2025-11-06T08:35:16.000Z
- Updated: 2025-11-06T08:35:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Азенбек Козукеев дайындалды.

> Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон. Жаңы жетекчиге жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу, жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Министрлик коомчулукту жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого активдүү катышууга чакырат жана жаңы жетекчилик командасынын алдында бул тармактагы абалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлөрүнө ишенимин билдирет.