> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атада курулуп жаткан 120 орундуу бала бакча быйыл бүткөрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/07/cholpon-atada-kurulup-zhatkan-120-orunduu-bala-bakcha-byiyl-butkorulot/
- Published: 2025-11-07T04:56:04.000Z
- Updated: 2025-11-07T04:56:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Чолпон-Ата шаарында 74 миллион сомго жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Азыркы тапта курулуштун акыркы этаптары аткарылууда. 

> Башкы план боюнча бала бакча 120 орунга ылайыкталып, заманбап үлгүдө жасалууда. Имарат эки кабаттан турат, бөбөктөр жана тарбиячылар үчүн бардык шарттар каралып, техникалык жабдуулар менен камсыздалат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/02-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/03-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/04-5.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/05-2.jpeg)