> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/07/oshto-myizamsyz-anchylyk-kylghandar-zharandargha-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2025-11-07T09:30:33.000Z
- Updated: 2025-11-07T10:11:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кечээ, 6-ноябрда Ошто Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу инспекторлор жана “Барс” тобунун кызматкерлери рейд жүргүзүштү.**

Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, ар бирине 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды. Мыйзамсыз атылган 8 кекилик үчүн 16 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Ошондой эле Сүрөттүү-Таш участкасында белгиленбеген жерге таштандыларды таштап, өрттөгөн жаранга 7 500 сом айып пул салынды.

Рейддин максаты — жапайы жаратылышты коргоо, аң уулоо эрежелерин сактоо жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу.