> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖКнын экс депутаттары Ж.Акаев, М.Самыйкожо жана Ч.Султанбекова эми РФге кире албайбы?
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/07/zhktin-eks-dieputattary-zh-akaiev-m-samyikozho-zhana-ch-sultanbiekova-emi-rfghie-kirie-albaiby/
- Published: 2025-11-07T10:48:22.000Z
- Updated: 2025-11-07T10:53:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Россия өздөрүн “ишенимдүү өнөктөш” катары көрсөткөн өлкөлөрдөгү русофобиялык жүрүм-турумдарга мындан ары чара колдонот. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин акыркы чакырылышындагы үч депутаты — Жанарбек Акаев, Мирлан Самыкожо жана Чолпон Султанбекова — мындан ары Россия Федерациясына киришине тыюу салынды. Мындай билдирүүнү** [**Россиянын ЖМК булактарында**](https://tsargrad.tv/articles/kreml-prinjal-zhjostkoe-reshenie-kirgizskim-deputatam-ustroili-remejk-moskovskoj-bani%5F1429834?fbclid=IwY2xjawN6qspleHRuA2FlbQIxMQBzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEeQ7UsuRGwe%5FjkkMIsC%5FFyz2pJ2xMteB-W4ud0hMZh5EVfbSrygrdqXSDv-jw%5Faem%5FSWtH8fEhN%5FXx6GxTff75pg) **жазып чыгышты.**

> Маалыматка караганда, буга Борбор Азия аймагында русофобиянын жайылышы жана тарыхты бурмалоого багытталган атайын мыйзам чыгаруу демилгелери себеп болгон.