> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/11/norka-tierisin-myizamsyz-alyp-kiruu-arakietinie-boghot-koiuldu/
- Published: 2025-11-11T12:01:11.000Z
- Updated: 2025-11-11T12:01:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери** норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. 

> Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаарынын аэропортунда Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок **451 даана (47 килограмм) норка териси** табылган.

Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүлөт.