> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Эң таза шаар”, “Эң таза айыл аймагы” сынагы жарыяланды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/12/en-taza-shaar-en-taza-aiyl-aimaghy-synaghy-zharyialandy/
- Published: 2025-11-12T03:15:15.000Z
- Updated: 2025-11-12T03:15:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Улуттук тазалоо күнүнүн алкагында өлкөдөгү эң таза конуштарды аныктоо үчүн “Эң таза шаар”, “Эң таза айыл аймагы” номинацияларында сынак жарыяланганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.**

Министрликтин маалымдашынча жеңүүчүлөрдү тандоодо төмөнкү критерийлер эске алынат:

- Экологиялык кампанияга коомчулуктун ар кандай мүчөлөрүнүн (тургундар, ыктыярчылар, уюмдар, ишкерлер ж.б.) максималдуу катышуусу;
- Тазаланган жалпы аянт (тоолуу аймактарды, мөңгүлөрдү, жашыл мейкиндиктерди, туристтик жайларды, коомдук жайларды жана жээк аймактарын кошо алганда);
- Таштандыларды бөлүү принциптерин сактоо (3төн ашык түрү);
- Чогултулган калдыктарды кайра иштетүүгө өткөрүп берүү (пластик, металл, айнек, кагаз);
- Региондо тазалыкты жайылткан маалыматтык жана визуалдык материалдардын болушу (жарнак такталары, стенддер, LED экрандар, анын ичинде пластик колдонууга тыюу салган материалдар жана белгиленген кайра иштетүүчү урналар);
- Билим берүү жана маалыматтык кампанияларды өткөрүү (мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, билим берүү мекемелеринде, уюмдарда ж.б.);
- Гранттардын жана эл аралык донорлордун жардамы менен калдыктарды башкаруу системаларын жакшыртуу боюнча аймактык долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу;
- Жапырт жашылдандыруу (жашоо деңгээлин эске алуу менен);
- Катуу калдыктарды көмүүчү үлгү полигондун болушу (PRD, трансформация, тосмо, жабдуулардын болушу);
- Региондо үлгүлүү кайра иштетүүчү жайлардын болушу же ишке ашырылышы.

Бардык тапшырылган жыйынтыктар сүрөттөр жана видеолор, кошумча документтер менен коштолушу керек жана министрликтин кызматкерлери тарабынан жеринде текшерилет.

> **Сынактын негизги байгелери:**

**1-орун – таштанды ташуучу унаа (HOWO);**

**2-орун – сорттоочу линия.**